super.kg logo

Непал: Митинг учурунда абактан 13,5 миңден ашуун туткун качып кетти

 

Непалда болуп жаткан массалык башаламандык учурунда 13 миң 572 кылмышкер абактан качып чыкты. Бул тууралуу Khabarhub басылмасы Непал полициясынын расмий өкүлү жана башкы инспектору Бинод Гимиреге шилтеме берип жазды.

Анын айтымында, ар кандай иштер боюнча тергөөдө турган дагы 560 киши качып кеткен.

Учурда коопсуздукту чыңдоо үчүн армия ири шаарларда көчөлөрдү кайтарууда. Ошондой эле нааразылык акцияларынын демилгечилери өлкөнүн убактылуу өкмөтүн жетектөөгө мурдагы Жогорку соттун башчысы Сушила Каркини көрсөтүү боюнча макулдашышты. Ал бул сунушту кабыл алды.

Эске сала кетсек, Непалда жаштардын кеңири катышуусунда нааразычылык акциялары өтүүдө. Буга өкмөттүн YouTube, X (Twitter), Facebook, Instagram, WhatsApp сыяктуу жыйырмага жакын популярдуу социалдык тармактарга жана мессенжерлерге бөгөт койгон чечими себеп болгон.

Бирок бийлик бул чечимди жокко чыгаргандан кийин да митингдер токтогон жок. Демонстранттар санарип эркиндиктерден тышкары коррупцияга каршы күрөшүү, терең системалык реформаларды жүргүзүү жана өкмөттүн толук ачыктыгын камсыз кылууну талап кылышууда.

Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуулардан 30дан ашык адам курман болуп, болжол менен 1000дей адам жаракат алды.

9-сентябрда Khabarhub маалымдагандай, нааразычылык акциялары маалында митингчилер экс-премьер Шера Деубуга жана анын жубайына жана каржы министри Прасад Пауделге кол салышкан. Ошондой эле мамлекеттик мекемелер, анын ичинде парламент менен Жогорку Соттун имараттары, бийликтин айрым өкүлдөрүнүн резиденциялары чабуулга кабылып, айрымдары өрттөлгөн. Окуяга байланыштуу өкмөт башчысы, өлкө президенти отставкага кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: