Израилдин Йеменге жасаган соккусунан 9 адам каза тапты
Хуситтердин Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, Израилдин аба соккуларынын натыйжасында Йемендин борбору Сана жана Эль-Жауф провинциясында кеминде тогуз адам каза болуп, 118 адам жаракат алды. Бул тууралуу "Аль-Масира" телеканалы кабарлады.
Буга чейин хуситтердин куралдуу күчтөрүнүн өкүлү Яхья Сариа Израилдин соккулары тургундар жашаган имараттарга тийгенин билдирген.
Ал эми Израилдин Коргоо күчтөрү хуситтердин аскердик объекттерине тагыраагы, согушкерлердин лагерлерине, аскердик маалымат бөлүмүнүн штабына жана күйүүчү май кампасына сокку урганын жарыялаган. Израилдин маалыматына караганда, бул чабуулдар хуситтердин Израилге жакынкы убакта жасаган дрон жана ракеталык чабуулуна жооп катары жасалган.
Яхья Сария чабуул хуситтердин аскердик күчтөрү тарабынан кайтарылганын билдирди.
