Бийиктеги кооздук... Алайдагы Чыйырчык ашуусунун жолу жарыктандырылып, даткаларга айкел тургузулду (видео)










Кечээ, 10-сентябрда Алымбек датка Асанбий уулунун 225 жылдык мааракесине карата Ош облусунун Алай районуна караштуу Чыйырчык ашуусунда Алымбек датка менен Курманжан датканын айкелдери жана конок тосууга ылайык курулган атайын жай салтанаттуу түрдө ачылды. Бул тууралуу облус өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чарага облус башчысы Элчибек Жантаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Алымбек датканын урпактары жана жергиликтүү тургундар катышты.
Конок тосуучу жайда төмөнкү шарттар түзүлгөн:
- Тамактануучу жай;
- Намазкана;
- Фотозона - туристтер үчүн эсте каларлык сүрөткө түшүүчү атайын жасалгаланган аймак;
- Терраса - тоо көрүнүшүнөн ырахат алууга мүмкүнчүлүк берген аянтча;
- Эс алуу зонасы - отургучтар жана көлөкөлүү жайлар менен камсыздалган;
- Санитардык талаптарга жооп берген ажаткана.
Чыйырчык ашуусунан Алай районунун борборуна кире беришке чейинки 9,5 чакырым жол толук жарыктандырылды. Бул багыттагы иштердин сметалык баасы 9 миллион 725 миң 113 сомду түзүп, анын 5 миллиону Алай райондук өнүктүрүү фондунан, 4 миллион 725 миң 113 сому жергиликтүү бюджеттен каржыланды.
Алайдагы Чыйырчык ашуусунун жолу жарыктандырып, даткаларга айкел тургузулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:59
2025-09-11
9:50
2025-09-11
19:55
2025-09-10

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.