Ошто Текебаевге тийиштүү делген имарат түрттүрүлдү (видео)



Бүгүн, 11-сентябрдагы таңкы рейдди Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Навои эс алуу багында өткөрдү. Анда Ак-Буура дарыясынын корук аймагына курулуп калган курулуштарды тазалоо иштерин көрүп чыкты.
Мэрия жалпысынан парктагы 11 имарат бузулуп жатканын билдирди. Алардын айрымдарынын ээлери мамлекеттик жана коомдук ишмерлер.
Калаа башчысы түрттүрүлүп жаткан имарттарды текшерип жатып мурунку Жогорку Кеңештин депутаты, азыркы Германиядагы Кыргызстандын элчиси Өмүрбек Текебаевдин имараты да буздурулганын белгилеп өттү. Тийиштүү кызматтарга ишемби күнү толук тазалап кетүү тапшырмасын берип, ал жерде ишембилик өткөрүлө тургандыгын эскертти.
Ошто Текебаевге тийиштүү делген имарт түрттүрүлдү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:59
2025-09-11
9:50
2025-09-11
8:27
2025-09-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.