Непалдагы баш аламандыктарда каза тапкандардын саны 30га жетти
Непалдагы баш аламандыктар учурунда каза болгондордун саны 30га жетти, миңден ашык адам жаракат алгандыгын чет элдик басылмалары билдиришти.
"Саламаттык сактоо жана калкты жайгаштыруу министрлиги нааразычылык акциясына байланыштуу тополоңдо 30 адам каза болуп, 1033 киши жаракат алганын ырастады",- деп жазат басылмалар.
Айта кетсек, Непалда өкмөт социалдык тармактарга болгон тыюуну алып салгандан кийин деле нааразычылык акциялары токтогон жок.
Демонстранттар өлкөнүн премьер-министри Шарма Олинин кызматтан кетишин талап кылышты. Шейшембиде алар анын жеке резиденциясын өрттөп, өкмөттүк комплекске бастырып кирип, башкаруучу партия “Непал Конгрессинин” борбордук кеңсесин жана парламент имаратын өрттөшкөн.
Непалдын премьер-министри кызматтан кетүү тууралуу арыз берип, өкмөт мүчөлөрү резиденцияларынан тик учактар менен эвакуацияланышты. Шейшембинин кечинде Непалдын куралдуу күчтөрү Катманду жана өлкөнүн башка шаарларындагы тартипти камсыздоону өз колуна алышты.
