Чүйдө 11 жыл мурун адам өлтүргөн деп шектүү кармалды
Чүйдө 11 жыл мурун болгон адам өлтүрүү фактысы аныкталып, шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда облустук милиция билдирди.
Маалыматка караганда, окуя Сокулук районунун Нижневосточная айылында 2014-жылдын 13-ноябрында болгон.
Анда А.Б. жана М.А. аттуу жарандардын ортосунда капчык жоголгонуна байланыштуу жаңжал чыгып, А.Б., М.А.ны "капчыкты уурдадың" деп айыптап, күнөөнү мойнуна алдыруу максатында дене жаракаттарын келтирип, кыйноого алган. Окуянын кесепетинен М.А. алган жаракаттарынан улам ал жерден каза болгон.
"Бул окуядан кийин М.А.нын туугандары анын зордук-зомбулук жолу менен өлгөнүн билишип, бирок кылмыш фактысын жашырып укук коргоо органдарына кайрылбастан сөөгүн жерге беришкен. Ошондой эле, М.А.нын өлүм тууралуу "жүрөк-кан тамыр жетишсиздиги" деп көрсөтүлгөн жасалма күбөлүк жасатышкан.
Иликтөө учурунда анын өлтүрүлгөндүгү аныкталган",- деп билдирди мекеме.
Ушул жылдын 6-августунда маркумдун сөөгүн эксгумациялоо жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгына ылайык бул окуя зордук-зомбулук жолу менен болгондугу тастыкталган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү А.Б. убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
11.09.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:55
2025-09-11
11:28
2025-09-11

10:20
2025-09-10

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.