super.kg logo

АКШда Трамптын тарапташы Чарли Киркти атып кетишти (видео)

 

АКШнын Юта штатындагы университеттердин биринде коомдук ишмер жана Дональд Трамптын тарапташы Чарли Киркке кол салуу болду. Ал сөз сүйлөп жаткан учурунда белгисиз адам тарабынан атылганын чет элдик басылмалар жазышууда.

Алгачкы маалыматтар боюнча, ок 200 метр алыстыктан атылып, Кирктин моюнуна тийген. Ал оор абалда ооруканага жеткирилди. Кийинчерээк АКШнын президенти Дональд Трамп Кирктин каза болгонун ырастады. Анын 31 жашта экени маалым болду.

Чарли Кирк жаштар арасында консервативдик баалуулуктарды жайылткан "Turning Point USA" аттуу кыймылдын негиздөөчүсү болгон. Ал ошондой эле подкасттарга жана саясий дебаттарга активдүү катышып турган.

Окуя болгон учурда университетте дүрбөлөң түшүп, студенттер жан үрөп качышкан. Социалдык тармактарда окуядан тартылган видеолор тараган.

Башында полиция шектүүнү кармаганын билдирген, бирок чыныгы аткан жаран азырынча кармала электиги кийинчерээк маалым болду.






АКШда Трамптын тарапташы Чарли Киркти атып кетишти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: