super.kg logo

Бишкекте  "башка окуу жайга котором" деп студенттен алдоо жолу менен акча алган жаран кармалды

 

Бишкек шаарынын тургуну О.Алтынбек арыз менен милиция бөлүмүнө кайрылган. Анда арыз ээси 2013-жылдын апрель айында Жаш Гвардия-Киев көчөлөрүнүн кесилишинен Кубат аттуу балага бир окуу жайдан экинчи окуу жайга которулууга жардам берүүсү үчүн 23 000 сом бергендиги жазылган. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы кабарларды.

Маалыматка ылайык, Кубат аттуу жигит О.Алтынбекти Каракол шаарындагы университеттен Бишкек шаарындагы Евразиялык университетине которуп берем деп 23000 сом акчасын алып, качып жүргөн. Көрүлгөн чаралардын негизинде Ленин райондук милиция кызматкерлери тарабынан  кылмышка шектүү катары Аламүдүн районунун Маевка айылынын тургуну К.Кубат кармалып, тергөө бөлүмүнө тапшырылды. Тергөө убагында К.Кубаттын мындай кылмыштардын дагы 4 фактысына тиешелүү экендиги аныкталды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: