Зеленский: "Европа үчүн бирдиктүү аба калканы зарыл"
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын учкучсуз учактары Польша аба мейкиндигин бузганына байланыштуу Европа үчүн биргелешкен абадан коргонуу системин түзүү керектигин билдирди. Бул тууралуу ал кечээ, 10-сентябрда Telegram баракчасында жасаган салттуу кечки видео кайрылуусунда айтты.
Ал Польша премьер-министри Дональд Туск, НАТО баш катчысы Марк Рютте, Италиянын премьер-министри Жорджиа Мелони жана Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен сүйлөшкөнүн жазды.
Зеленскийдин айтымында, орусиялык "Шахед" тибиндеги учкучсуз учактарынын сыныктары Польшанын айрым аймактарынан табылып, бул Орусия тараптан олуттуу эскалация катары бааланууда.
"Тийиштүү жооп болушу керек. Биз Европа үстүндө натыйжалуу аба калканын орнотууга тийишпиз",- деди ал.
Ал Украинанын дрон чабуулдарын алдын алуу боюнча тажрыйбасын бөлүшүүгө даяр экенин кошумчалап, НАТО өлкөлөрү менен координация жүргүзүлөрүн белгиледи.
Польша буга чейин Орусия дрондорун атып түшүргөнүн кабарлаган. Орусиянын Коргоо министрлиги болсо Польшанын аймагындагы объекттер бутага алынбаганын билдирген.
