super.kg logo

Ош-Эркештам жолунда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына  убактылуу чектөө киргизилет

 

11-12-сентябрь күндөрү Алай районунда Алымбек датка Асанбий уулунун 225 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленет. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.

Буга байланыштуу, коомдук тартипти сактоо, жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө максатында Ош облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөшөт.

Ал эми 12-сентябрь күнү саат 08:00дөн 24:00гө чейин Ош-Эркештам жолунда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Ошондой эле Алай районунун Гүлчө айылынын борбордук Алымбек датка, Уметалиев жана Досматов көчөлөрүндөгү жол кыймылына убактылуу чектөө коюлат.

Облустук өкүлчүлүк убактылуу чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алып, катышуучуларды тазалыкты сактоого чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: