super.kg logo

Орусия дрондорунун Польшага кирип кетиши боюнча комментарий берди

 

Польшанын бийлиги Украинанын аймагына болгон түндөгү сокку маалында бир нече орус дрону алардын аймагына кирип кетип, НАТОнун күчтөрү тарабынан атып түшүрүлгөнүн кабарлады. Операцияга Польшадагы F-16 учактары, Нидерланддын F-35 истребителдери, Италиянын AWACS чалгындоо учактары жана НАТО тарабынан биргелешип колдонулган күйүүчү май толтурчу учактар тартылганын чет элдик басылмалар жазышууда.

Бул маалыматка жооп катары Орусиянын Коргоо министрлиги комментарий берди.

"Польша аймагындагы объекттерди бутага алуу пландалган эмес. Колдонулган орус дрондорунун учуу аралыгы 700 чакырымдан ашпайт жана Польша чек арасын бузду деген дооматтар негизсиз. Ошентсе да бул маселе боюнча Польша Коргоо министрлиги менен консультацияга даяр экенибизди билдиребиз",- деди Орусиянын өкүлчүлүгү.

Ал арада НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте билдиргендей, альянстын Түндүк Атлантикалык кеңеши 10-сентябрда Польша тарабынан 4-беренеге ылайык чакырылган жыйын өткөрүп, кырдаалды талкуулаган. Анын айтымында, альянстын мүчөлөрү Польша менен тилектештик көрсөтүшүп, Орусиянын жоопкерчиликсиз аракеттерин айыпташты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: