The Wall Street Journal: Трамп Израилдин өкмөт башчысына акылсыздык кылганын айткан
АКШ президенти Дональд Трамп шейшембиде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу The Wall Street Journal маалымат булактарына таянуу менен жазып чыкты.
Булактардын айтымында, Трамп Нетаньяхуга Катардын борбору Дохада ХАМАСтын саясий лидерлерине кол салуу чечими акылсыздык экенин айткан. Маалымат булактары америкалык президент чабуул тууралуу Израилден эмес, америкалык аскерлерден билгенине ачууланганын белгилешкен.
Гезиттин маектештеринин бири Трамптын Нетаньяхудан улам барган сайын көңүлү калып, премьер-министр бир тараптуу АКШнын Жакынкы Чыгыштагы максаттарына карама-каршы кадамдарды жасап жатканын сезип турганын айткан. Басылма ошондой эле Трамп Нетаньяхудан Катарга болгон сокку үчүн көңүлү калганын жазат.
9-сентябрда Израил Дохада жайгашкан ХАМАСтын жетекчилигинин өкүлдөрү турган имаратка сокку урду.
Орусия, АКШ, араб өлкөлөрү жана Евробиримдик бул аракеттерди айыптады. Катар өз кезегинде жооптук чара көрүлөрүн убадалап, Нетаньяхуну жоопко тартуу маселесин караларын билдирди.
