Бишкекте Кыргызстан менен Малайзиянын кызматташтыгы талкууланды

Анын жүрүшүндө эки тарап тең терең жана көп кырдуу өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган саясий диалогду жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экенин ырасташты.
Тараптар кыргыз-малайзиялык мамилелердин учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, парламенттер аралык кызматташууга өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле экономикалык, маданий-гуманитардык жана билим берүү чөйрөлөрүндөгү кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
“Биринчиден, биздин мамлекеттердин ортосунда салттуу достукка жана өз ара ишенимге негизделген жемиштүү кызматташууга негиз болгон бекем саясий өз ара түшүнүшүү бар экенин баса белгилегим келет. Кыргызстан Малайзияны Азия аймагындагы негизги жана артыкчылыктуу өнөктөштөрдүн бири катары карайт",- деди Кулубаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:35
2025-09-11
15:06
2025-09-11

14:17
2025-09-11

12:15
2025-09-11

11:50
2025-09-11

Рейтинг:
0

