super.kg logo

"Апам менен тайкемди карайм". Беткапчан адам дагы бир жаранды кубантты

 

Социалдык тармактарда "Беткапчан киши" деген ат менен белгилүү болгон казакстандык жаран бул ирет 20 жаштагы Гүлжанга жардам берди.

Маалым болгондой, Гүлжан залалдуу шишик дартынын III стадиясынан жабыркайт.

"Колум кыймылдабай калды. Ошондуктан Индияга барып, дарыланып келүүнү каалайм. Атам мен төрөлө элек кезде эле кайтыш болуп кеткен. Апам 1-топтогу майыптыгы бар жаран. Ал кишинин инисинин да 1-топтогу майыптыгы бар. Көзү азиз. Экөө тең арабада отурушат.

Өзүбүздүн үйүбүз жок. Апам менен тайкемди карайм. 5 жашымдан баштан иштедим.

Биринчи операциядан кийин химия алышың керек дешти. Бирок менен үйдөгүлөргө аны айткан жокмун. Анткени аларды карай турган адам жок болуп калат дедим",- дейт Гүлжан.

Беткапчан киши кыздын дарылануусуна акча берип, батир белек кылды.







11.09.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: