super.kg logo

Нетаньяху Катарга жана башка өлкөлөргө ультиматум койду

 

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Катарга жана башка өлкөлөргө ультиматум койгонун чет элдик басыламалар ал өлкөнүн өкмөтүнүн сайтындагы билдирүүгө таянып жазып чыгышты.

"Мен Катарга жана террористтерге башпаанек кылган бардык өлкөлөргө айтам: аларды же кууп чыгаргыла же жоопко тарткыла. Эгер андай кылбасаңар, силерге биз чечим кабылдайбыз",- деген Нетаньяху.

Эске салсак, 9-сентябрда Израил Дохада жайгашкан ХАМАСтын жетекчилигинин өкүлдөрү турган имаратка сокку урду. Орусия, АКШ, араб өлкөлөрү жана Евробиримдик бул аракетти айыптады. Катар өз кезегинде жооптук чара көрүлөрүн убадалап, Нетаньяхуну жоопко тартуу маселесин караларын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: