super.kg logo

Орусияда мигранттардын балдарынын 87 пайызы мектептерге кабыл алынбагандыгы белгилүү болду

 

Чет элдик жарандыгы бар балдардын 87 пайызы Орусиядагы мектептерге кабыл алынган жок. Бул тууралуу Рособрнадзор билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, апрель-август айларында мектептерге 23,6 миң чет элдиктердин балдары боюнча документтер тапшырылган. Бирок алардын ичинен 8200ү гана тестирлөөгө жөнөтүлгөн, калгандары документтерди туура эмес же толук эмес тапшыргандыктан кабыл алынган эмес. Тестирлөөгө катышкан 5900 баланын ичинен 2900ү гана ийгиликтүү өттү. Бул документ тапшырган бардык балдардын жалпысынын 12,6 пайызын гана түзөт.

Рособрнадзор түшүндүргөндөй, баланы мектепке кабыл алуу үчүн ата-энеси төмөнкү документтерди орус тилинде же нотариалдык жактан бекитилген орусча котормосу менен бериши керек:

  • баланын жана ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн Орусияда мыйзамдуу жүргөнүн далилдеген документтер;
  • туугандык мамилени тастыктаган документтер;
  • баланын жугуштуу оорулардан таза экенин тастыктаган медициналык аныктама.

Эгер документтер толук болбосо, мектептер кабыл алуу арызын кароосуз кайтарып берет.

Белгилей кетсек, 1-апрелден тарта Орусия мигрант балдарды мектепке кабыл алуу үчүн орус тилин билүү боюнча милдеттүү тестирлөө киргизди. Тест беш баллдык система менен бааланат, өттү деп эсептелиши үчүн, кеминде үч деген баа алышы керек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: