Үч аялы жана 14 баласы менен жашаган Иван өспүрүм кызына ыдык көрсөткөн деп айыпталууда





Орусияда көп аял алган Иван Сухов кызына ыдык көрсөткөнү үчүн үч жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Бир нече ай мурун Суховдун кыздарынын бири аны 14 жашынан бери ыдык көрсөтүп келгенин жазып чыккан. Ал психологго жардамга да кайрылган. Кийинчерээк полицияга арыз жазган.
Азыр Владимир облусунун Тергөө комитети Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 135-беренесинин 1-бөлүгү (адепсиз кол салуу) боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Эскерте кетсек, Сухов 70 чарчы метрлик батирде үч аялы жана 14 баласы менен жашайт. Ал өзүнө жана үй-бүлөсүнө карата эч кандай текшерүүдөн коркпой турганын интервьюлардын биринде айткан. Үй бүлөсү боюнча интервью бергенден кийин миңдеген орусиялыктар сынга алышкан.
"Кичинекей өлкөдөгү президент" (Иван өзүн ушундай атайт) айткандай, анын бүт үй-бүлөсү Москвадагы үч бөлмөлүү батирге батат. Бир бөлмөдө жалгыз жашайт. Каалаган убакта, каалаган аялы менен убакыт өткөрөт. Ал 50 балалуу болууну кыялданат. Анын учурда 30 баласы бар. Ивандын айтымында, ал бүт үй-бүлөгө айына 75 миң коротот жана аялдарына уруксатсыз суу же балмуздак да сатып алууга тыюу салат.
Суховдун өзү да айлыгы жетиштүү экенин, үй-бүлөсү бактылуу жашап, эч нерсеге муктаж эмес экенин айткан.
Мындан тышкары, көрүүчүлөрдүн кыжырын келтирген фактылар балдарды ымыркай кезинен эле экинчи же үчүнчү аял болууга даярдап, ал эми балдарды көп аял алганга көрсөтүп жаткандыгы. Үй-бүлөнү текшерүү өтүнүчү менен Москвадагы балдардын укуктары боюнча комиссарына кайрылуу жөнөтүлгөн.

