"Президентибиз менен сүйлөштүм". Спикер өкмөт сунуштаган мыйзам натыйжа бербегенин айтты (видео)
Бүгүн, 11-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Нурланбек Тургундек уулу айыл өкмөт башчыларын ротация кылуу мыйзамы иш жүзүндө натыйжа бербей жатканын айтты.
Спикер учурда ар бир райондо 2-3төн айыл өкмөт башчыларынын жумуш ордулары бош турганын белгиледи.
"Орундар бош турат. Башка айылдардан барып иштебей жатышат. Барса дагы 4-5 айдан кийин кетип калып жатышат. Бул маселе боюнча ураматтуу президентибиз менен сүйлөштүм, министрлер кабинетине болсо тапшырма берилген. Тез арада эмки аптага ошол мыйзамга өзгөртүү киргизип алып келиңиздер....
Айыл өкмөт башчыларын мурдагыдай кылып эле өз айылынан койбосок болбойт экен. Ошол өзүнүн айылына өзү күйөт экен",- деди ал.
Спикер өкмөт сунуштаган мыйзам натыйжа бербегенин айтты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:35
2025-09-11
15:06
2025-09-11

14:17
2025-09-11

12:15
2025-09-11

11:50
2025-09-11

11:14
2025-09-11

10:50
2025-09-11

Рейтинг:
0

