Нигерияда кармалган эки Кыргыз жараны мекенине кайтарылды
Нигерияда кибер алдамчылыкка шектелип кармалган эки Кыргыз жараны август айында мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Билдирүүгө ылайык, алар 2024-жылдын декабрь айында Лагос шаарында Нигериянын Экономикалык жана каржылык кылмыштар боюнча комиссиясы тарабынан кармалышкан.
Жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо алкагында консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүп, алар менен, алардын туугандары жана адвокаттары менен үзгүлтүксүз байланыш болгон.
Мындан тышкары, кармалган жарандар менен жолугушууларды жана компетенттүү органдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, кырдаалды тез арада жөнгө салуу жана бошотуу үчүн Нигерияга эки консулдук сапар уюштурулган.
Тышкы иштер министрлиги жарандарды чет өлкөдө ишке орношуу боюнча сунуштарды кароодо мүмкүн болушунча сак жана этияттык болууга чакырат.

