super.kg logo

Кинооператор камераны рулга кантип алмаштырды? Таксисттин окуясы

 

Кинооператор дипломунун ээси, 34 жаштагы Билимбек Чалов, бүгүнкү күндө Яндекс Go аркылуу буйрутмаларды кабыл алып, иштейт. Биздин редакциябыз менен болгон маегинде ал эмне үчүн камераны четке коюп, жолду тандап алганын, азыркы тапта айдоочулар канча киреше табаарын жана бул иш аркылуу кыялдарды орундатуу үчүн акча топтоого болорун айтып берди.

"Өзүм Токтогулдан болом, 9-класстан кийин Бишкекке көчүп келгенбиз. Биринчи кесипке ушул жерден ээ болдум, муздаткычтарды оңдоочунун окуусун бүткөм. Андан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун "кинооператор" адистиги боюнча окууну аяктадым. Кийин экспедитор болуп иштедим.Үй-бүлөөлүү болгондон кийин кошумча киреше булагы талап кылынгандыктан, кечкисин такси айдап баштадым",- дейт, Билимбек.

Бишкектиктин бул тургунунун үч баласы бар – улуу кызы бешинчи класста окуса, кичүү уулу бир жашка чыга элек. Келинчеги балдарды багып, үй тиричилиги менен алектенет.

"Мен өзүмдүн адистигим боюнча иштеген жокмун, үй-бүлөмдү багыш керек болду. Жыйынтыгында, айдоочулук менен алектенүүнү туура таптым: мага ийкемдүү график жана туруктуу киреше жакты. Негизи Яндексте 2019-жылдан бери иштейм. Күн сайын 20 чакты буйрутма кабыл алам жана орто эсеп менен 5 миң сомго чейин киреше табам. Бир айдын ичинде «таза кирешем» 70-80 миң сомго чейин чыгат. Мага жакканы өзүм каалаганда линияга чыгам да, каалашымча иштейм. Каалаган убакта өчүрүп, өзүмдүн иштерим менен алектенем. Башкысы эркинмин, көз каранды эмесмин. Мындан сырткары мага элдер менен баарлашып, маалымат алмашып туруу жагат",- дейт Билимбек Чалов.

10 жылдан ашык тажрыйбасы бар бул айдоочу, азыр буйрутманы кийинки сатып алуу шарты менен таксопарктан ижарага алган электромобили менен кабыл алып жүрөт. Кийинки жылы бул унаанын акчасын толугу менен төлөп бүтүп, өзүнө чыгарып алуу планы бар.

"Мындай машинеде иштөө пайдалуу экен. Жакында Ысык-Көлдүн Ак-Суусуна кардарды жеткирип келдим. Менин эң алыскы узак сапарым азырынча ушул болду. Дагы бир жолу бир жаш жигит мага 500 сомдук жол акыдан сырткары дагы 500 сом чайпул калтырып кетти. Ал: "Тажрыйбалуу айдоочу экенсиз, мени тез алып келгениңиз, үчүн рахмат" деди. Мен да ыраазы болуп калдым",- деп, айдоочу эсте калган көз ирмемдери менен бөлүштү.

Анын айтымында, такси сервистик кызматы эчак эле шаардын жашоосунун маанилүү бир бөлүгү болуп калды:

"Буйрутмалар аябай көбөйдү. Жүргүнчүлөр үчүн бул сервистик кызматты колдонуу ыңгайлуу: буйрутма беришти дегенче, бир нече мүнөттөн кийин унаа келип калат. Айдоочулардын линияга чыгышына көбүнчө көтөрүлгөн коэффицент дем берет. Мисалы, ал аба ырайы начарлаганда иштейт. Ошондо биз көбүрөөк киреше табабыз, ал эми кардарлар тезирээк дарегине жетишет. Майрам күндөрү да көп иштегенге аракет кылам, анткени андай учурларда буйрутмалар көп болот. Эс алуу күтүп турат, акчаны азыр топтоп алыш керек. Кээде шарт болгондо, балык уулоого барам – анткени, мага ызы-чуудан оолак болуу жагат".

Бул жумуш туруктуу киреше менен камсыздап, үй-бүлөнү бакканга, акчаны топтоп, план түзүүгө мүмкүндүк берет. "Мен Яндекс жок болсо, кандай болот эле, билбейм. Айтор, кыйын болмок болуш керек",- дейт ал.

Айдоочунун азыркы кыялы - үй-бүлөсү менен алыс жактарга саякатка чыгып келүү жана бул кыялы бир күнү сөзсүз ишке ашаарына, ал ишенет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: