super.kg logo
  Саясат  

"Боёкчу десе, сакалын кошо боёптур кылбай". Спикер ротация мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү талап кылды (видео)

 

Бүгүн, 11-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу ротация мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү талап кылды.

Ал облус башчыларын, акимдерди ротация кылуу жакшы жыйынтык бергенин белгилеп, бирок айыл өкмөт башчыларын ротация кылуу натыйжа бербей жатканын айтты. Спикер өкмөткө бул мыйзамга тез арада өзгөртүү киргизип, парламенттин кароосуна алып келүүнү тапшырды. Ошондой эле Тургунбек уулу ротация маселеси маданият, билим берүү өкүлдөрү үчүн да кереги жок экенин айтат.

"Боёкчу десе, сакалына чейин боёптур" кылбай, райондук маданият жана билим берүү бөлүмдөрүндөгү ротацияны да токтотуш керек. Алардын алган эмгек акысы 35 миң сом болсо, башка районго барганда турак үйдүн ижарасына 20 миң сом төлөсө, анан 15 миң үчүн ким барып иштейт? Бул маселе курч болуп турат",- деди ал.






Парламент төрагасы ротация мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү талап кылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: