АКШда 23 жаштагы кызга бычак менен кол салган шектүү өлүм жазасына тартылышы мүмкүн






АКШнын Юстиция министрлиги Түндүк Каролина штатынын Шарлотта шаарында украиналык качкын Ирина Зарутскаяны бычактап өлтүрдү деп шектелген жаран өмүр бою эркинен ажыратылышы же өлүм жазасына тартылышы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Эске салсак, Шарлотта шаарында селсаяк 23 жаштагы кызды коомдук транспортто өлтүрүп, ага бир нече жолу бычак сайган. Шектүү катары 34 жаштагы афроамерикалык ДеКарлос Браун кармалды. Ал трамвайга билети жок кирип, тынч отуруп бара жатып эле алдында отурган Иринага бычак сайган. Жүргүнчүлөр кыйкырып, кийлигишүүгө аракет кылышкан, бирок баары көз ачып жумганча болуп кеткен.
Кыз пицца жасаган жерде иштеген, ал жумуштан чыгып үйүнө бара жаткан. Сүрөттөн анын жумуш формасы менен отурганын көрүүгө болот. Анын жакындарынын айтымында, кыз аябай боорукер болгон. Бош убактысында кошуналарынын үй жаныбарларын карашып, улгайып калган адамдардын үйлөрүн жыйнап берип жүргөн.
Браун 2011-жылдан бери уурулук, курал менен тоноо жана коркутуу үчүн бир нече жолу камакка алынган. Мурда курал менен талап-тоноо үчүн беш жыл түрмөдө отурган. Ал жалпысынан 14 жолу кармалган.
Окуя АКШ президенти Дональд Трампка жетип, окуяны "үрөй учурген окуя" деп атады. Ошондой эле бул иш өлкө башчысынын көзөмөлүндө болгонун билдирген.
