Парламент төрагасы депутаттарга нааразы болгон Эрулан Кокуловго жооп берди
Жогорку Кеңештин бүгүн, 11-сентябрдагы жыйынында депутат Эрулан Кокулов сүйлөп жаткан учурда тынчтыкты сактабаганы үчүн кесиптештерине нараазычылыгын билдирди.
Ал учурда эл өкүлү Таластагы Шумкар-Уя айыл өкмөтүнө текшерүүгө барганын айтып, ал жактагы мүчүлүштүтөр тууралуу баяндама жасап жаткан.
"Ушул жакка чыккандарды такыр укпайсыңар. Кыжы-кужу болуп базарда отургандай эле. Бири-бирибизди урматтайлы да. Ушул жерге өкмөт келгенде үнүңөр чыкпай калат...",- деген ал.
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу депутатка жооп берип, аны Жогорку Кеңешти сыйлоого чакырды.
"Биринчиден, сиз жалпы депутаттарга баа бергенге акыңыз жок. Коллегаларыңызды сыйлаңыз. Өзүңүзгө жооп бересиз, өзүңүзгө баа бересиз.
Экинчиден, өкмөт келгенде унчукпай калган эч ким жок. Өкмөт сизден айырмаланып, конкреттүү түрдө программаларды, маселелерди алып келет. Кунт коюп угабыз, суроолорду беребиз. Эгер ойду-тоону сизге окшоп сүйлөсө, анда конкреттүү ага жараша сөз, жооп болмок.
Аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу бийлигинин ортосуна бир депутат эч качан от жакпашы керек.
Биздин максатыбыз - мамлекет өнүгүшү керек. Элдин бакубат жашоосун камсыз кылуу. Ошонун негизинде ушундай өнүгүп, өсүүлөр болуп жатат. Кимден коркуп, коркпоо сиздин ишиңиз.
Кыргыздын жакшы сөзү бар "сыйга сый, сыр аякка бал" дейт. Сыйга татыктуусузбу, сыйлайбыз. Ага татыктуу эмеспи, ошого жараша баа берилет",- деди төрага.
11.09.25







