super.kg logo
  Саясат  

"Эч кимиңерден коркпойм!" Эрулан Кокулов парламентте кесиптештерине ачууланды (видео)

 

Бүгүн, 11-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов Таластагы Шумкар-Уя айыл өкмөтүнө текшерүүгө барганын айтып, ал жактагы мүчүлүштүктөр тууралуу баяндама жасап жатып кесиптештерине ачууланды.

Ал кесиптештерине сүйлөп жаткан учурда тынчтыкты сактабаганы үчүн нааразы болду. Алгач депутат Акылбек Түмөнбаевди атынан атап, ал экөөнүн ортосунда кайым атышуу орун алды.

"Ушул жакка чыккандарды такыр укпайсыңар. Кыжы-кужу болуп базарда отургандай эле. Бири-бирибизди урматтайлы да. Ушул жерге өкмөт келгенде үнүңөр чыкпай калат. Тизилип отурасыңар. Мен силерге видеофакт менен көрсөтүп берем. Мен сүйлөп жатканда кандай ызы-чуу болуп жатканын, анан өкмөт келгенде кандай болгонун. Муну 5 секундда көрсөтүп берип коём. Эгер мен силерге каршы чыгып жатсам, демек, каршы чыгарбагыла!..

Мына, күлүп отурасыңар, айланайын кесиптештер, мен силерден, ушул жерде отургандардын эч кимиңден коркпойм! Эч кимиңерден корккон да эмесмин!",- деди Кокулов






Эрулан Кокулов парламентте кесиптештерине ачууланды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: