Бишкектин жолдорундагы деформацияланган жерлердин баары оңдолот









"Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасы карталык оңдоо ыкмасын колдонуу менен жолдун бетиндеги деформацияларды жана тегиз эместиктерди жоюу боюнча активдүү иштерди улантууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда Ахунбаев жана Муромская көчөлөрүнүн кесилишине асфальт төшөөгө чейинки даярдык иштери жүрүп жатат.
Ушундай эле иштер Сухэ-Батор – 7-апрель көчөлөрү, Токомбаев – Байтик баатыр көчөсү менен кесилишкен жерде, Масалиев көчөсү – Чыңгыз Айтматов кең көчөсү, Калинин - Көлбаев көчөлөрү, Салиева - Лермонтов көчөлөрүндө аткарылды.
Белгилей кетсек, жолдо пайда болгон бардык деформацияланган жерлер жоюлат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:40
2025-09-11

12:58
2025-09-11
10:59
2025-09-11
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.