super.kg logo

Бишкекте өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча чаралар талкууланды

 

Кечээ, 10-сентябрда борбор калаанын мэриясында 2025-2026-окуу жылына карата өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жыйын Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачеванын жетекчилиги алдында өттү.

Жыйындын жүрүшүндө балдар арасында жана балдарга карата чыр-чатактарды жана укук бузууларды алдын алууга багытталган иш-чаралар жана биргелешкен аракеттердин планы каралды. Өзгөчө көңүл киберкуугунтуктун, тамеки тартуунун, психоактивдүү заттарды колдонуунун алдын алууга, ошондой эле оор социалдык шарттардагы балдарды коргоого бурулду.

Кеңешменин жыйынтыгында Виктория Мозгачева райондук билим берүү борборлоруна, мэриянын билим берүү департаментине, райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын орун басарларына жана атайын кызматтарга профилактикалык маселелерди өзгөчө көзөмөлгө алууну, балдар жана алардын ата-энелери менен тыгыз байланышта болуп, жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган комплекстүү иш-чаралардын планын кабыл алууну тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: