Эрулан Кокулов: "Убагында Садыр Жапаровду да кесиптештери шылдыңдап турушкан" (видео)
Бүгүн, 11-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов парламент төргасы Нурланбек Тургунбек уулуна жооп кайтарып, кесиптештери сыйга татыктуу болсо сыйламактыгын айтты.
"Мен силерди сыйлайт элем, эгер спикер спикердей, вице-спикерлер вице-спикердей болушса, анан Жогорку Кеңеш чындап коллегиалдуу орган болгондо. Токмоктун мэри мени "таракан кууп жүрөт" дегенде бирөөңөр сүйлөп койдуңарбы?
Экинчиден, мени эшиктин артына алып барып алып, "сен эл үчүн сүйлөп калдың беле?" деген сөздөрдү элге чыгарган жокмун го. Кана коллегиалдуу орган болгонубуз? Эмнеге мен жалгыз барып, айыл өкмөттөр, акимдер, мэрлер менен "тытышып" жүрүшүм керек? Эмнеге мага тоскоолдук болуп жатканда бирөөңөр сүйлөбөйсүңөр? Анан мага акыл үйрөтөсүңөр.
Спикер сиз өзүңүз "депутаттарга каршы сүйлөгөн депутат болгон эмес" деп айттыңыз, болгон. Урматтуу президентибиз Садыр Нуркожоевич убагында ушул жерде сүйлөп турганда да ушинтип кесиптештери шылдыңдап турушкан. Бирок азыр президент болуп отурат",- деди ал.
Белгилей кетсек, жыйындын башында Кокулов баяндама жасап жатып, сүйлөп жаткан учурда тынчтыкты сактабаганы үчүн кесиптештерине ачууланган.
Ага Тургунбек уулу жооп берип, Жогорку Кеңешти сыйлоого чакырган.
Эрулан Кокулов







