"Ыйык трибунадан айтыштын кереги жок". Депутат Сулайманов Эрулан Кокуловго жооп берди
Бүгүн, 11-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Сулайманов кесиптеши Эрулан Кокуловду өзүн кармоого чакырды.
"Өзүңүздүн жеке таарынычтарыңыз болсо бул жерден, ыйык трибунадан айтыштын кереги жок. Бул жерден башка маселелерди айтабыз. Сиз эмне "таракан" десе, "таракан" болуп кеттиңизби? Бул сиздин өзүңүздүн кылып жаткан ишиңиз, эгер ошентип айткан болсо, чыдашыңыз керек. Бардыгыз чыдашыбыз керек. Анан бул жерге келип алып, "силер андайсыңар, мындайсыңар" деп бизге сын айтпаңыз. Парламент жакшы иштеп жатат, өзүнүн иштерин так аткарууда. "Төрага төрагадай болсо" дейсиз, төрагадай болбогондо эмне болуп жатат?!",- деди Сулайманов.
Белгилей кетсек, жыйындын башында Кокулов баяндама жасап жатып, сүйлөп жаткан учурда тынчтыкты сактабаганы үчүн кесиптештерине ачууланган.
Ага Нурланбек Тургунбек уулу жооп берип, Жогорку Кеңешти сыйлоого чакырган.
Кайрадан сөз алган Эрулан Кокулов: "Мен силерди сыйлайт элем, эгер спикер спикердей, вице-спикерлер вице-спикердей болсо, анан Жогорку Кеңеш чындап коллегиалдуу орган болгондо. Токмоктун мэри мени "таракан кууп жүрөт" дегенде бирөөңөр сүйлөп койдуңарбы?",- деп жооп кайтарган.
Жогорку Кеңеш 11.09.25






