super.kg logo
  Саясат  

"Эл укса күлөт". Депутат Бишкекте "тыгындар азайды" дегенге жооп берди

 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттин бүгүн, 11-сентябрдагы жыйынында калаада унааларды эвакуациялоону токтотуу маселесин көтөрдү.

Айтымында, бул бизнеске айланып кеткен.

"Унааларды эвакуациялоону токтотуп, айып пулду көбөйтүүнү сунуштайм. Эгер унаада кандайдыр бир көйгөй жаралса, ал жоопкерчиликти эч ким албайт.

Келсең унаа жок, кайда алып кеткенин бир гана Кудай билет",- деди эл өкүлү.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Эмил Жакыпов баш амаламан токтотулган унааларды эвакуациялоо тыгындарды салыштырмалуу азайтканын билдирди.

Депутат бул жоопко канааттанбай, жол тыгындары акыркы учурда көбөйгөнүн белгиледи.

"Жарандар ушуну укса, күлөт да. Кайсы тыгындар азайды? Тескерисинче, Бишкекте тыгындар өтө көп болуп калды. Унаалар токтотулган жайларды биз алдык. Чакан бизнес өлдү. А ушундай эле унаалар жолдун жээгинде турушат.

А силер "тыгындар азайды" деп жатасыңар. Тескерисинче, эртең менен, түштө, кечинде тыгындар көп болуп калды",- дейт депутат.






11.09.25

11.09.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: