super.kg logo
  Саясат  

Президент ТМУга мүчө мамлекеттердин муфтийлерин кабыл алды

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин диний лидерлеринин делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун кызматташтыгындагы маанилүү багыттардын бири – дин жаатында өз ара аракеттенүү экенин баса белгиледи.

“Биз ыйман менен адептин, биримдик менен ынтымактын дини болгон Исламдын баалуулуктарын түрк дүйнөсүнүн улуттук наркы, салты менен айкалыштырып, жалпы элибиздин жаркын келечеги үчүн кызмат кылууга тийишпиз. Бул, өз кезегинде, коомдун адеп-ахлагын чыңдайт.

Ошондуктан, сиздердин жыйыныңыздар жалпы түрк мамлекеттеринин руханий биримдигин бекемдеп, бир туугандык жана боордоштук мамилелерибизди арттырууда чоң мааниге ээ”,- деди президент.

Ал Кыргызстан көп конфессиялуу жана көп этностуу өлкө экенин белгиледи.

“Ушундан улам, акыркы жылдары Кыргызстанда дин жаатында бир катар реформалар жүргүзүлүп, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына – муфтиятка ар тараптуу колдоолор көрсөтүлүп келет. Мына, быйыл Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик болуп кайра түзүлүп, менин жеке көзөмөлүмө кирди. Ошону менен катар, диний сабаттуулукту жогорулатуу жана диний кызматкерлердин билимин арттыруу, кайра даярдоо максатында Токмок шаарында жакынкы күндөрү Ислам академиясы ачылганы турат”,- деген Садыр Жапаров жана жарандардын дин тутуу эркиндигин камсыздоо максатында жаңы мыйзам кабыл алынганын кошумчалады.

Мамлекет башчысы азыркы заманда ар кандай диний агымдар көбөйүп, жаштар интернет жана социалдык тармактар аркылуу алардын таасирине кантип кирип кеткенин билбей жатышканын өзгөчө белгиледи. Буга байланыштуу Садыр Жапаров руханий лидерлердин негизги милдеттеринин бири жаш муунду ата-бабаларыбыздан калган салттуу диний баалуулуктардын негизинде тарбиялоо экенин баса көрсөттү. Ал коомго ар кандай тескери агымдарга азгырылбаган, ыйманы таза, ар кыл билимге эгедер, нарк-насилге сугарылган, сабаттуу жаштар керектигин ырастады.

Президент өз сөзүндө руханий лидерлерди жаштарды радикалдык агымдардан сактоо, аларга туура насаат жана улуттук биримдикти жана туруктуулукту бекемдөөгө өбөлгө түзүүчү билим берүү боюнча активдүү иштөөгө чакырды.

Өз кезегинде ТМУнун мүчө-мамлекеттеринин муфтийлери мамлекет башчысына кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдиришип, Кыргызстандын уюмга төрагалык кылуусунун мезгилинде жетишилген олуттуу натыйжаларды белгилешти.

Диний лидерлер биримдикти чыңдоого, руханий баалуулуктарды жайылтууга жана салттуу исламды сактоого багытталган мындай иш-чаралардын маанилүүлүгүнө өзгөчө басым жасашты.

Муфтийлер радикализмге каршы туруу, ошондой эле жаштарды агартуу жана аларды ишеним, адеп-ахлак жана улуттук каада-салттардын духунда тарбиялоо үчүн бардык күч-аракеттерин жумшай тургандыктарына ишендиришти.

Жолугушуунун соңунда Жапаров түрк мамлекеттеринин ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоого кошкон зор салымы жана руханий баалуулуктарды өнүктүрүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын "Айкөл" ордени менен сыйланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: