Талас шаарынын борбордук паркында аттракциондор орнотулууда





Талас шаарындагы борбордук паркта реконструкция иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда Курулуш министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, реконструкция иштери ушул жылдын июнь айында башталып, республикалык бюджеттен каржыланып жатат. Бүгүнкү күндө жер казуу, бетон кую иштери аткарылып, аттракциондордун темир конструкциялары орнотулууда.
Паркта эс алуучулар үчүн ыңгайлуу шарттар каралып, аттракциондордун онго жакын түрү коюлат. Жалпы курулуш аянты 1,5 гектар жерди түзөт.
Белгилей кетсек, Талас шаарындагы борбордук парктын аттракциондору 2008-жылы эскилиги жеткендигине байланыштуу, колдонуудан чыккан. 17 жылдан кийин парктын реконструкциясы долбоорлонуп, учурда курулуш иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:40
2025-09-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.