super.kg logo
  Саясат  

 "Анан сүйлөшөбүз, отура бериңиз". Кокулов менен спикердин айтышуусу эмне менен аяктады?

 

Бүгүн, 11-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокуловго өзүнө айтылган сындарга жооп берүүгө сөз берилген жок.

Парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кайра-кайра чыгып сүйлөй бербеши керектигин айтып, мыйзамдарды кароого убакыт бөлүнүү керектигин билдирди. Кокулов канча жолу болбосун сүйлөөгө укугу бар экенин белгиледи.

"Эгер укугум жок болсо, анда микрофонду өчүрүңүз",- деди ал.

"Өчүрүп койсом пиар кыласың. Айтчы, айтчы эми, айтар сөзүңдү!"- деди Тургунбек уулу.

Кокулов алгач өзү көтөргөн маселе тууралуу кыскача түшүндүрмө берип, андан ары сөзүн улайын дегенде микрофон өчүп калды.

Спикер "анан сүйлөшөбүз, отура бериңиз" дегенине Кокулов көнгөн жок. Бирок баары бир төрага эл өкүлүнө сөз берген жок.

"Болду бербейм, отур, биз иштейбиз. Регламент боюнча сөз бербей коюуга укугум бар. Бүгүн кечке чейин сөз бербей коё алам. Сиз менен кайым айтышып отурбайм",- деди ал.

Айта кетсек, жыйындын башында Кокулов баяндама жасап жатып, сүйлөп жаткан учурда тынчтыкты сактабаганы үчүн кесиптештерине ачууланган.

Ага Нурланбек Тургунбек уулу жооп берип, Жогорку Кеңешти сыйлоого чакырган.

Кайрадан сөз алган Эрулан Кокулов: "Мен силерди сыйлайт элем, эгер спикер спикердей, вице-спикерлер вице-спикердей болсо, анан Жогорку Кеңеш чындап коллегиалдуу орган болгондо. Токмоктун мэри мени "таракан кууп жүрөт" дегенде бирөөңөр сүйлөп койдуңарбы?",- деп жооп кайтарган.

Депутат Элдар Сулайманов Кокуловду өзүн кармоого чакырып, "сиз эмне "таракан" десе, "таракан" болуп кеттиңизби?" деп, сындарга чыдоо керектигин айтты.






Кокулов менен спикердин айтышуусу эмне менен аяктады?

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: