super.kg logo

Эркин Чечейбаев Кыргызстанда Ядролук медицина борбору түзүлөрүн билдирди

 

Министрлер кабинети Улуттук онкология жана гематология борборунун базасында Ядролук медицина борборун түзүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Бишкекте Улуттук борбордун 65 жылдыгына арналган эл аралык конференцияда билдирди.

Министр долбоордун стратегиялык маанисин белгилеп, ал өлкөдөгү онкологиялык кызматтын өнүгүшүндө маанилүү кадам болорун айтты. Ошондой эле долбоорду "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын колдоосу менен тез арада ишке ашырууга үмүт артаарын кошумчалады.

Мындан тышкары, индиялык өнөктөштөр менен заманбап жабдууларды — сызыктык ылдамдаткычты жеткирүү боюнча келишимдерге жетишилди. Бул онкологиялык кызматтын техникалык базасын олуттуу түрдө чыңдайт.

Чечейбаев онкологиялык кызмат Кыргызстанда кеңири реформалардан өтүп жатканын, алардын негизги максаты диагностика сапатын жогорулатуу жана бейтаптардын жашоо көрсөткүчүн жакшыртуу экенин белгиледи.

"Биз онкологиялык ооруларды дарылоодо эң алдыңкы технологияларды киргизүүгө умтулабыз", — деди министр.

Конференцияга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин депутаты Винера Раимбачаева, ошондой эле Беларус, Өзбекстан, Казахстан, Азербайжан, Орусия, Түркия жана башка өлкөлөрдүн алдыңкы онкологдору жана онкологиялык кызматтарынын жетекчилери катышышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: