Чүйдөгү Маевка айыл аймагында мыйзамсыз курулуштарга каршы рейд жүргүзүлдү

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара Биринчи Май районуна караштуу Маевка айыл аймагынын 396-контур аймагында өтүп, мыйзам бузуу менен салынган турак жайларды аныктоо жана тазалоо максатын көздөдү.
Рейд Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча аймактар аралык башкармалыгы тарабынан жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен түзүлгөн комиссиянын катышуусунда жүргүзүлдү.
Комиссиянын ишинин жыйынтыгында мыйзамсыз курулган 40 кожолуктун ичинен 17 турак жайдын пайдубалы буздурулду. Ал эми калган курулуштар боюнча жарандар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, алардын көпчүлүгү мыйзам талаптарын түшүнүү менен кабыл алып, өз ыктыяры менен бузуу жана жерди калыбына келтирүү тууралуу милдеттенме жазып беришти.
Чүйдөгү Маевка айыл аймагында мыйзамсыз курулуштарга каршы рейд жүргүзүлдү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.