Алай командасы көк бөрү мелдешинде чемпион болду







Бүгүн, 11-сентябрда Алай районунда Алымбек датка Асанбий уулунун 225 жылдыгына арналган облустук көк бөрү мелдешинин финалдык беттеши өттү. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүк билдирди.
Анда Алай-1 командасы Кара-Кулжа командасын 3:2 эсебинде утуп, чемпиондук наамга ээ болду.
Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев катышып, оюнчуларды куттуктап, жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырды.
Мелдешке жалпы 8 команда катышып, жыйынтык төмөнкүдөй болду:
• 1-орун: Алай-1 — 600 миң сом
• 2-орун: Кара-Кулжа — 400 миң сом
• 3-орун: Өзгөн — 200 миң сом
• 4-орун: Ноокат — 100 миң сом
Ал эми калган командаларга 50 миң сомдон берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:01
2025-09-08

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.