super.kg logo

Мбаппеге расисттик мамиле көрсөткөн күйөрман кармалды

 

Испаниянын "Реал Овьедо" клубунун күйөрманы мадриддик "Реалдын" жылдызы Килиан Мбаппеге расисттик мамиле жасаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, окуя 25-августта Овьедодогу "Карлос Тартьере" стадионунда өткөн Испания чемпиондугунун 2-турунда болду.

Оюн 0:3 эсебинде "Реалдын" пайдасына аяктап, Мбаппе 37- жана 83-мүнөттөрдө гол киргизген. Биринчи голдон кийин күйөрман маймылдын кыймылын жана үнүн туураган.

Күйөрманга 3 жылга чейин эркинен ажыратуу же 60 миңден 650 миң еврого чейин айып пул жана стадиондорго кирүүгө тыюу салынышы мүмкүн.

Анын ким экени видео жана фото материалдардын негизинде аныкталып, тергөө сотуна өткөрүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: