super.kg logo
  Саясат  

Министр онкологиялык дарт менен ооруган балдарга дары жетишпей жатат дегенге жооп берди 

 

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев депутат Нилуфар Алимжанованын Ош шаарында онкология дарты менен ооруган балдарга дарылар жетишсиз болуп жатат деген кайрылуусуна жооп берди.

Ал парламенттин бүгүн, 11-сентябрдагы жыйынында билдиргендей, учурда жаңы онкологиялык оорукана куруу үчүн өнүктүрүү банктары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.

"Өзүм барып, кабар алгам. Ал жакта көйгөй чоң. Ич ара комиссия да түзүлгөн. 2 жолу барып, карап келишти. Ал жак жаңы инвестицияларга муктаж. Азыр биз өнүктүрүү банктары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Насиялык каражатка жаңы онкологиялык оорукана куруш керек",- деп жооп берди министр.

Ал эми дары-дармектердин жетишсиздигине токтолгон Чечейбаев айрым дарылар алынганын, кээ бир түрлөрү боюнча тиешелүү иштер аткарылып жатканын билдирди.

"Бул боюнча "Кыргыз фармация" ишин жүргүзүп жатат. Азыркы учурда 67 берилген билдирме боюнча (бешөө тизмеге кирбеген дарыларды билдирме беришти). Калган 20 чактысынын тиешелүү документтери келе элек. 25 дарысы келип, жеткирилген. Онкологиялык дарылар арзан дарылар эмес.

Ар бир онкология менен ооруган бейтапты толугу менен биз 100 пайыз азыр же эртен камсыз кыла алабыз деп айтуудан алысмын. Буга чоң каражат керек",- деп кошумчалады ал.

Жыйында "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Белгилей кетсек, кечээ, 10-сентябрдагы парламенттин жыйынында Алимжанова Ош шаарында онкология менен ооруган балдарга дарылар жетишсиз болуп жатканын айтып, саламаттык сактоо министрине кайрылган.







11.09.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: