Дастан Бекешев: "Чиновниктер Rolex саатын тагынып, Maybach унаасы менен жүрүшөт" (видео)
Бүгүн, 11-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев айрым аткаминерлердин жашоо образы киреше булагына туура келбестигин айтты.
"Чиновниктер тагынган сааттарды карасаңар, Hublot, Rolex, Audemars Piguet. Булар өтө кымбат баада. Айдаган унаалары Lexus 600, Крузак 300, Maybach. Күн сайын тамактанууга кымбат ресторандарга барышат, бизнес-класс учактарга отурушат. Бирок декларациясын карасаң, анда айлыгы менен эле жашаган болот. Бизнеси, заводу, эч нерсеси жок. Бул коррупциялык жүрүм-турум. Жашоо образы киреше булагына туура келбеген бир катар аткаминерлерди караш керек",- деди эл өкүлү
Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева депутаттын пикирин колдоп, бул багытта мониторинг жана анализ жүргүзө турган башкармалык иштеп баштаганын белгиледи.
"Президенттин жарлыгы менен ачылган башкармалык коррупциялык көрүнүштөрдүн алгачкы этаптарын болтурбоо үчүн иш алып барат",- деди ал.
Дастан Бекешев айрым аткаминерлердин жашоо образы киреше булагына туура келбестигин айтты
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















