Талант Анарбаев: "Акыркы жолу туулган күнүмдү 7-класста белгилегем"
Бүгүн, 11-сентябрь белгилүү куудул Талант Анарбаевдин туулган күнү. Таланттуу пародист быйыл 47 жашка толду. SUPER.KG порталы да куудул мырзаны куттуктагандардын катарын толуктап, байланышка чыктык.
Англис тилинде сүйлөп, бизди тамашага салган куудул мырза туулган күнүн кафелерде белгилебестигин айтып, өткөн күнгө сарасеп салчу күн гана экендигин билдирди.
"Туулган күнүмдү тосуп, кафелерде шаан-шөкөт уюштуруу деген салт менде жок. Жөнөкөй күн. Өзүмө "бир жыл ичинде эмне кылдым?" деп отчёт берчү күн. Акыркы жолу өздүк майрамымды 7-класста окуп жүргөндө белгилеген боюнча өткөргөн жокмун. Ага да баары көнүп калышканбы, айтор, көпчүлүк эмес, эстегендер телефон аркылуу байланышып, каалоо-тилектерин айтышып келет. Бүгүн да адаттагыдай жубайымдын куттуктоосун биринчи уктум. Министрлерге берилип жаткандай белектер деле келбейт, эл катары эле", - деди куудул.
Талант Анарбаев акыркы жаңылыктары менен бөлүшүп, жакында саясаты жок адамдардын напсисин камтыган концерт уюштуруп жатканын айтты. Кошумчалагандай, ага жаңы сатиралар даярдалып жатат.
Ошондой эле жубай экөө үч уул, үч кызды тарбиялап келе жаткандыгын билдирип, "баатыр ата" болууну пландаганын айтты. Ал тамашалап бийликтин көп балалууларга берүүчү каражатын укканда шыктанганын билдирип, күлдүрдү.
Талант Анарбаев 1978-жылы 11-сентябрда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Мады айылында туулган. Ал 6 бир туугандын экинчиси. "Талант шоу" куудулдар тобунун негиздөөчүсү. Сахнада өзүнүн курч мыскыл-тамашалары менен белгилүү.
