Бишкектеги Козу Баглан көчөсүнө жаңы асфальт төшөлдү




Борбор калаада борбордук көчөлөрдө гана эмес, экинчи катардагы жолдордо да капиталдык оңдоо иштери активдүү уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, "Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасы Козу Баглан көчөсүнүнүн эки бөлүгүндө: Айкөл көчөсүнөн Мидин көчөсүнө чейин жана Мидин көчөсүнөн ЧЧКга чейин капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүдө.
Айкөл көчөсүнөн Мидин көчөсүнө чейинки тилкеде жолчулар асфальт төшөө иштерин башташты.
Мидин көчөсүнөн ЧЧКга чейинки тилкеде эски асфальтты фрезалоо жана ирригациялык системди орнотуу иштери аяктады. Учурда коммуналдык тармактарды орнотуу иштери жүрүп жатат. Бул этап аяктагандан кийин ишкана мындан ары асфальт төшөө үчүн жолдун негизин даярдоого киришет.
