super.kg logo

Санарип, инновация, референдум... Токаев Казакстандын негизги экономикалык багыттарын жарыялады

 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев “Жасалма интеллект доорундагы Казакстан: актуалдуу милдеттер жана аларды санариптик трансформация аркылуу чечүү” аттуу кайрылуусунда жумшак күч катары кеңири санариптештирүүнү мамлекеттин негизги приоритети катары белгиледи. Ошондой эле, ал парламенттик реформаны коомдук талкууга чыгарууну сунуштап, өлкөнү бир палаталуу парламенттик системага өткөрүү маселесин көтөрдү.

Казакстан толук кандуу санарип өлкө болууга умтулат

Токаев алдыдагы үч жыл ичинде Казакстанды толук кандуу санариптик өлкөгө айландыруу максатын койду. Бул үчүн төмөнкү чаралар сунушталды:

  • Цифрлык кодекстин кабыл алынышын тездетүү (анын ичинде жасалма интеллектти, чоң маалыматты жана платформалык экономиканы жөнгө салуу);
  • Digital Qazaqstan стратегиясын иштеп чыгуу;
  • Жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү министрлигин түзүү. Бул министрликтин жетекчилигине вице-премьерлик деңгээлиндеги ыйгарым берилет.

Жаңы инвестициялык цикл жана санариптик экономика

Президент жаңы инвестициялык циклди баштоо тапшырмасын берип, капиталды кайра иштетүү өнөр жайына жана жогорку технологияларга багыттоону сунуштады.

Каржы жана технология боюнча маанилүү демилгелер:

  • Санариптик активдер экосистемасын өнүктүрүү;
  • Санариптик теңгени кеңири колдонууга киргизүү;
  • Мамлекеттик санариптик активдер фондун түзүү.

Индустриализация жана энергетика

Токаев кайрылуусунда индустриализация жана энергетика маселелерине өзүнчө көңүл бурду:

  • Алдыдагы 3 жылда жогорку технологиялуу продукция чыгаруучу жаңы ишканаларды ачуу;
  • Жашыл энергетиканы өнүктүрүү;
  • Атом энергетикасын өнүктүрүү, анын ичинде жаңы атомдук станцияларды куруу.

Президент геологиялык чалгындоону санариптештирүү жана ресурстарды башкарууда жасалма интеллектти кеңири колдонуу зарылдыгын белгиледи.

Агрардык сектор: акчадан натыйжа керек

Казакстандын айыл чарба тармагына 1 триллион теңге көлөмүндөгү рекорддук каржылоого карабастан, каржаттын натыйжалуу колдонулушу негизги приоритет болот. Токаев акимдерге 2026-жылдын ортосуна чейин кайтарылган айыл чарба жерлеринин бардыгын жүгүртүүгө киргизүүнү тапшырды.

Ошондой эле жер ресурстарынын бирдиктүү санариптик картасын түзүү, спутниктен мониторинг жүргүзүүнү кеңейтүү пландалууда.

Транспорт жана логистика

Президент 2025-жылы "Достык–Мойынты" темир жол линиясынын курулушу аяктаарын билдирди жана ири долбоорлорду улантууну тапшырды. Октябрь айынын аягына чейин Smart Cargo аттуу санариптик системакиргзилет. Бул кадам бизнес үчүн инфраструктурага жетүүнү жеңилдетет жана бажы менен логистиканы бириктирет.

Токаев кайрылуусунун соңунда бир палаталуу парламентке өтүү боюнча коомдук талкууну баштоону сунуштады. Анын айтымында, бул маселе 2027-жылы жалпы элдик референдумда чечилиши керек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: