super.kg logo

Садыр Жапаров Бишкекте Rothschild & Co компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды

 

Бүгүн, 11-сентябрда президент Садыр Жапаров Бишкек шаарында Rothschild & Co компаниясынын башкармалыгынын мүчөсү Ариэль Малярд де Ротшильд баштаган өкүлдөрүн кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Экономикалык жана финансылык тармактарда кызматташууну өнүктүрүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Президент Rothschild & Co дүйнө жүзү боюнча туруктуулук, ишенимдүүлүк жана дүйнөлүк каржы рыногунун тарыхындагы терең кесипкөй экспертиза менен байланыштуу кабыл алынарын баса көрсөттү. Ошондуктан анын бул тажрыйбаны Кыргызстан менен бөлүшүүгө даярдыгы өнөктөштүк мамилелерге өзгөчө маани берерин белгиледи.

Ал акыркы төрт жылда өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар жана экономикалык өзгөрүүлөр өз жемишин берип жатканын айтты: экономиканын туруктуу өсүшү, өнөр жай жана курулуш секторлорунун активдүү өнүгүшү, каржы системасынын чыңдалышы жана инвестициялык климаттын жакшырышы байкалууда, бул өлкөнүн мындан аркы туруктуу өнүгүүсү үчүн бекем негиз түзөт.

Өз кезегинде Rothschild & Co өкүлдөрү Кыргызстан менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирип, компания дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү, анын ичинде Борбор Азия менен иштешерин жана инвестициялык консалтинг жана каржылык долбоорлорду коштоо жаатында бай тажрыйбага ээ экенин баса белгилешти.

Алар өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарын кароого, анын ичинде инфраструктуралык жана энергетикалык демилгелерди ишке ашырууда, ошондой эле каржылык инструменттерди өнүктүрүүдө жана инвестицияларды тартууда даяр экендиктерин белгилешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: