Эне жана баланы коргоо борборуна заманбап жабдуулар тапшырылды







Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда Rebless™ Planar инновациялык реабилитациялык жабдуусун тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, жабдуулар гуманитардык линия боюнча KOICA (Кореянын эл аралык кызматташтык агенттиги) жана H Robotics компаниясынын (Корея Республикасы) көмөгү менен алынып келинди. Жабдуунун наркы 150 миң доллар.
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Корея Өкмөтүнө, KOICAга жана H Roboticsке Кыргызстандагы медициналык реабилитацияны өнүктүрүүгө тынбай колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
"Бул жабдуу балдардын заманбап калыбына келтирүүчү дарылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтет жана медициналык жардамдын натыйжалуулугун жогорулатат",- деди министр.
Маалымат үчүн: Rebless™ Planar — неврологиялык жана ортопедиялык оорулардан кийинки бейтаптарда кыймыл-аракетти жана күчтү калыбына келтирүү үчүн колдонулуучу жогорку технологиялык робот-тренажёр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.