Globus жана Bereke Books эң кичинекейлер үчүн “Алиппе” уникалдуу китебин чыгарышты






Ар бир чоң иш кичинекей, бирок маанилүү кадамдан башталат. Бул өзгөчө кыргыз тили менен таанышууда жана ага болгон сүйүүнү калыптандырууда чоң мааниге ээ. Globus соода түйүнү Bereke Books басмасы менен бирге эң кичинекей кыргызстандыктар үчүн уникалдуу китеп — «Абв Алиппе: оку, сез, изилде» чыгарылышын жарыялады. Бул басылма 23-сентябрда белгилене турган Мамлекеттик тил күнүнө арналган.
Китеп балага аны кайра-кайра ачкысы келгендей жасалган. Кармоого ыңгайлуу калың барактар, тамгалардын калыптары, жөнөкөй тапшырмалар — мунун баары бөбөктөргө тилди оюндун формасында, жеңил үйрөнүүгө жардам берет.
Иллюстрациялар улуттук колорит менен жасалып, балдарды күнүмдүк турмуштук буюмдар менен гана эмес, Кыргызстанды өзгөчө кылган көрүнүштөр менен да тааныштырат.
"Мен ар бир бала сүйүү менен жаратылган, кооз жана сапаттуу китепке татыктуу деп ишенем. Китеп аркылуу ал өзүн, өзүнүн маданиятын жана өлкөсүн тааныйт. Окуу адаты — бул өмүр бою берилген белек, аны биз, ата-энелер, балдарыбыз менен чогуу окуу аркылуу эрте курактан баштап тарбиялайбыз. Китептен ой жүгүртүү, элестетүү жана ишеним башталат — булар таланттын, боорукерликтин жана чоң кыялдардын пайдубалы болуп калат", — дейт долбоордун автору жана басманын негиздөөчүсү Гүлназ Асакеева.
«Абв Алиппе: оку, сез, изилде» — бул жөн гана тамгалар жана үндөр жөнүндө эмес, бул тилди сезүү, эне сөздү түшүнүү жана сүйүүгө болгон алгачкы кадам. Бала үндөрдү бириктирип сөз жасаганды үйрөнгөндө, ал өз үй-бүлөсүнүн жана мекенинин үнүн уга баштайт. Ишенимге ээ болуп, кыялданууга жана өнүгүүгө умтулат.
Мындай китептер уктаар алдында, бакчага бара жатып, үй-бүлөлүк дасторкондо ата-энелердин жардамчысы боло алат.
"Азыркы заманда, экрандар тирүү баарлашууну алмаштырып жатканда, элестетүүнү, ой жүгүртүүнү жана окууга болгон сүйүүнү эң эрте курактан тарбиялоо абдан маанилүү. Бул долбоор кичинекей окурмандарга сапаттуу, кооз жана жеткиликтүү булакты сунуштап, билим берүү жана маданиятты өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойнойт", — деди «Умай Групп» компаниясынын PR-менеджери Танабаева Бермет.
Долбоорго кесипкөй команда тартылган. Текстти филология илимдеринин кандидаты жана жазуучу Иманак Сагынбеков, Кыргызстандын билим берүүсүнүн ардактуу кызматкери Раина Асакеева даярдашты. Иллюстрацияларды Kholant-art студиясы иштеп чыкты, ал эми редакторлор жана дизайнерлер китепти ыңгайлуу жана көркөм кылышты.
Тираждын басымдуу бөлүгү төмөндөгү дүкөндөрдө сатыкка чыгат:
- Globus 1 — Аалы Токомбаев көч., 53/1;
- Globus 11 — «Ала-Арча» — Чыңгыз Айтматов көч., 299-В;
- Globus 13 — Чүй көч., 150;
- Globus 26 — Медеров көч., 44/1.
Ал эми китептин калган бөлүгү дүкөндөрдүн кардарлары жана кызматкерлери арасында утушка коюлат. Муну менен дагы көптөгөн балдар кыргыз тили жана маданияты менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.
Демилге «Умай Групп балдар үчүн» долбоорунун алкагында ишке ашырылды. Бул — балдардын билим алуусун, чыгармачылыгын жана ар тараптуу өнүгүшүн колдогон социалдык программа. Долбоор маданий, спорттук, билим берүү жана кайрымдуулук демилгелерин бириктирет.
«Умай Групп» — өлкөдөгү эң ири ритейл компания. Азыркы учурда ал Globus, SPAR, «Народный» жана «Достор» аттуу төрт тармактагы дүкөндөрдү жана супермаркеттерди башкарат. Компаниянын 150гө жакын дүкөнү бар, күн сайын 250 миңден ашык кардарларга кызмат көрсөтөт.
