super.kg logo

Кочкордо жаңы автовокзалдын курулушу уланууда (фото)

 
Нарын облусунун Кочкор айылында заманбап автовокзалдын курулуш иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып келет. Объекттин жалпы наркы 394 миллион сомду түзөт.
Жаңы автовокзалдын жалпы аянты 14 469 чарчы метр, эки кабаттуу имараттан турат. Курулуш иштери заманбап стандарттардын негизинде аткарылып, жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугун жана коопсуздугун камсыздоого багытталган.
Бул долбоордун ишке ашырылышы аймактагы транспорттук инфраструктураны жакшыртууга багытталган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: