super.kg logo

Түркмөнстанда дарыгерлер жана медициналык кызматкерлер пахта терүүгө милдеттендирилди

 

Түркмөнстандын Саламаттык сактоо министрлиги аймактык башкармалыктарга дарыгерлерди жана башка медициналык кызматкерлерди пахта жыйноого тартуу боюнча көрсөтмө жөнөттү. Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, талаага баргысы келбегендер өз чөнтөгүнөн жалданма кызматкерлердин акысын төлөп бериши керек.

Журналисттердин айтымында, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухаммедов 10-сентябрдан тартып түшүм жыйноого киришүүнү тапшырган.

Лебап облусунун саламаттык сактоо башкармалыгы тактагандай, аймактык ооруканалардын жана поликлиникалардын дарыгерлери, медайымдары, санитарлары, техникалык кызматкерлери үчүн пахтанын күндүк нормасы белгиленген. Бюджеттик кызматкерлерге күнүнө 45 килограмм «ак алтын» жыйноо милдеттендирилген.

Түркмөнабаддагы бир нече медициналык мекеменин кызматкерлери түнкү нөөмөттөн кийин да пахта талаасына барууга мажбур болуп жатышканын айтышкан. Ошол эле учурда альтернатива катары өз ордуна башка адамды жалдап, күнүнө 50 манат (мамлекеттик курс боюнча 14 доллар) төлөө мүмкүнчүлүгү берилген.

Инфекциялык ооруканадагы дарыгердин айтымында, жыл сайын дарыгерлер айлыгынын басымдуу бөлүгүн жалданма пахта тергендердин акысына сарпташат. Анткени ар бир адис эс алуу күндөрү же нөөмөттөн кийин талаага чыга албайт.

Басылманын маалыматына караганда, пахта жыйноого жөнөтүлгөн дарыгерлердин жана башка кызматкерлердин ордуна оорукана, поликлиникаларда негизинен пенсионерлер же пенсия курагына жакындап калган адамдар иштеп жатышат.

Мындан тышкары, маалым болгондой, август айынын башынан тартып эле жергиликтүү өкүлдөр бюджеттик кызматкерлерден пахта тере тургандар үчүн акча чогулта баштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: