super.kg logo

Байге фонду 6 миллион сом... Эл аралык айтыштын тандоо туру өтүүдө

 
Бүгүн, 11-сентябрь күнү, Ош облусунун Алай районунда Алымбек датка Асанбий уулунун 225 жылдык мааракесине арналган эл аралык деңгээлдеги акындар айтышынын тандоо баскычы өтүүдө. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдирди.
Иш-чара Алай райондук маданият үйүндө өтүп жатат. Айтыштын тандоо турун президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев көрүп, акындарга ийгилик каалады.
Тандоо айтыш алым сабак форматында жүрүп, анын жыйынтыгында 16 кыргыз акыны иргелип чыгат. Жарым финалда алар 4 казак акыны менен күч сынашат. Андан соң калыстар тобу тарабынан упай эсебинин негизинде жогорку көрсөткүчкө жеткен 8 акын финалдык турга жолдомо алышат.
Иш-чаранын негизги максаты — улуттун эркиндиги үчүн күрөшкөн тарыхый инсан Алымбек датканын басып өткөн даңктуу жолун эскерүү, анын баатырдыгын жаш муундарга үлгү кылуу, ошондой эле кыргыз элинин байыркы төкмөлүк өнөрүн даңазалап, өнүктүрүүгө салым кошуу.
Финалдык айтыш 12-сентябрда Алай районундагы Алымбек датканын жайлоосунда өтөт. Байге фонду — 6 миллион сом.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: