super.kg logo
  Саясат  

Айыл өкмөт башчыларын дайындоо тартиби өзгөрүшү мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

 

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик айыл өкмөт башчыларын тандоо тартибине өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат. Тиешелүү мыйзам долбоору бүгүн, 11-сентябрда коомдук талкууга чыгарылды.

Документ айыл өкмөт башчыларынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыкты.

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдын 52-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, тиешелүү айыл аймагында туулган адам айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындала албайт.

"Бирок иш жүзүндө бул норма бир катар көйгөйлөрдү жаратат. Учурда өлкөнүн бир катар райондорунда айыл өкмөт башчыларынын кызмат орундары бош турган кырдаал түзүлдү. Көп учурда дайындалган айыл өкмөт башчылары 3-4 ай бою өз милдеттерин аткарып, андан кийин кызматын таштоого аргасыз болушат. Бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын туруктуулугуна жана натыйжалуулугуна терс таасирин тийгизет.

Түзүлгөн кырдаалдын себептери болуп айыл өкмөт башчысы кызматына башка айыл аймактарга дайындалган адамдарда пайда болгон кошумча материалдык жана тиричилик кыйынчылыктары саналат. Мажбурлап көчүү жана турак жайды ижарага алуу алардын каржылык абалын кыйындатат",- деп жазылат документте.

Мекеме буга Токтогул районунда бардык айыл өкмөт башчылары турак жайды ижарага алышарын мисал кылган.

"Мындан тышкары, алардын тиешелүү айыл аймагы менен бекем байланышынын жоктугу ишке катышуу жана натыйжаларга кызыгуу деңгээлин төмөндөтөт. Бул өз кезегинде айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугуна жана жергиликтүү тургундардын ишеним деңгээлине таасирин тийгизет. Алар көп учурда дайындалган жетекчилерге тийиштүү колдоо көрсөтүшпөйт. Демек, тиешелүү айыл аймагынын тургундарын айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына дайындоого тыюу салуу жөнүндөгү азыркы норма өзүнүн максаттарына жетпейт жана кайра карап чыгууну талап кылат",- деп жазылат документте.

Мындан улам мыйзамда каралган айыл өкмөт башчысы кызмат ордуна коюлган талаптарда туулган адам жөнүндө ченемди алып салуу сунушталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: