Ошто 150 орундуу жаңы перинаталдык борбор курулат







Бүгүн, 11-сентябрында Саламаттык сактоо министрлигинде "Чайна Роуд" курулуш компаниясы менен Ош шаарындагы Облустар аралык бириктирилген клиникалык оорукананын аймагында Перинаталдык борбор куруу боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, курулуштун болжолдуу мөөнөтү — 2,5 жыл.
"Биз подряддык уюмдан бардык техникалык талаптарды жана сапат стандарттарын так сактоону күтөбүз. Куруу иштери жогорку деңгээлде аткарылып, объект белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берилүүгө тийиш. Министрлик курулуштун жүрүшүн тыкыр көзөмөлдөйт", - деди саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Манас Токтомуратов.
Жаңы борбор 150 орунга эсептелип, анда:
- 60 орун төрөттөн кийинкилерге,
- 38 орун — кош бойлуулуктун патологиясы бөлүмүнө,
- 7 орун — чоңдор үчүн жандандыруу бөлүмүнө,
- 5 орун — калыбына келүү үчүн,
- 28 орун — жаңы төрөлгөндөрдүн жандандыруу бөлүмүнө,
- 16 орун — эне-баланын бирге жатуусу үчүн,
- ал эми төрөт блогуна 12 орун каралган.
Күтүлүп жаткандай, Перинаталдык борбордун курулушу акушердик, гинекологиялык жана неонаталдык жардамдын сапатын жогорулатат жана регионалдык маршрутизация системасын чыңдайт.
Маалымат үчүн: Проект Ош шаарындагы Облустар аралык бириктирилген клиникалык оорукананын аймагында Перинаталдык борборду курууну жана жабдуу менен камсыздоону камтыйт. Анын негизин 2018-жылдын 13-декабрында Кыргызстан менен Германиянын өкмөттөрү кол койгон финансылык кызматташтык тууралуу келишим түзөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.