super.kg logo

Бишкекте "вице-мэрдин кызматын 150 миң долларга сунуштаган" деген шек менен жаран кармалды

 

Бишкекте вице-мэрдин кызматын 150 миң долларга алып берем деген адам "алдамчылык" беренеси боюнча кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан маалымдашты. 

Милицияга Бишкек шаарынын Сергей аттуу жашоочусу кайрылып, Жеңиш деген адамга карата чара көрүүнү айткан. Ал экөө 2013-жылы октябрда шаардагы кеңселердин биринде таанышып калышкан. Атын Жеңиш деп айткан адам Сергейге вице-мэрлик кызматка сүйлөшүп берүүнү убада кылган. Бирок кызматы үчүн 150 миң доллар суммадагы акчаны талап кылган. Сергей ага 60 миң доллар берип, калган сумманы кызматка орношкондон кийин берерин айткан. Акчаны алгандан кийин Жеңиш из жашырып кеткен. 

Тергөө амалдарынын негизинде Бишкек ШИИББинин кызматкерлери тарабынан 47 жаштагы Өмүртөрө аттуу адам кармалды. Ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
16.01.2014. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Орунду сатып алып, анан ал орун короткон сумманы актасын учун жешет да анан... мына коррупция!
16.01.2014. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кылмышты Сергей озу кошулуп кылып жатпайбы 60000дол.берип.Дагы мени алдап кетти деп арызданганы неси.Озунун ою жаман адам экен акча берип кызматка орношом деген.
16.01.2014. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
uran001, Экоосуно тен статья бар ошол статьяларды колдонуп камаш керек бул коррупционерлерди.
16.01.2014. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сасык саясат
16.01.2014. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сооп болот, оорунду сатып алам деп талаада калдынбы.
16.01.2014. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин мамлекетибизде эмнелер болуп жатканын карапайым элден баштап тээ тиги атка минээрлерге чейин билип жана сезип турушат биздин мамлекетибиздеги бардык министрликтердеги кадрларды реморма жана жаны долбоор иштеп чыгышыбыз керек башым катып калды биздин мамлекет онолбойт буга козум жетет дагы бир жолу айтып коюун кардын башын кар жейт хандын башын хан жейт дегендей бир ханыбызды экинчи ханыбыз олтурушу керек мен ошол кадамга барат болчумун
16.01.2014. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akil8484, созуно200 процет кошулам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: